Энергетика министри меморандумга кол койду
Бүгүн, 2023-жылдын 13-январында КРдин Энергетика министрлиги, Эконокмика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд жана «CHINA NATIONAL HEAVY MACHINERY CORPORATION» компаниясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Кол коюга КРдин энергетика министри Таалайбек Ибраев, эконокмика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев, Финансы- кредиттик фондунун жетекчиси Жусубали Төрөмаматов, «CHINA NATIONAL HEAVY MACHINERY CORPORATION» компаниясынын вице-президенти Женг Хенсонг катышты.
Меморандумга төмөнкүлөр камтылган:
1) Өнөктөштүк мамилелерди жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, бул Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт;
2) Кубаттуулугу 21 Мвт. түзгөн Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭС (гидроэлектростанция) куруу боюнча кол коюлду.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев кол коюлган документ калкты электр энегиясы менен камсыз кылууда жана өлкөдөгү энергетикага болгон тартыштыкты жоюга багытталган негизги кадамдардын бири экенин баса белгиледи. Ошондой эле министр Орто-Токой суу сактагычында “Чакан” ГЭС курууга энергетика министрлиги кызыктар экенин билдирди.