LOGO
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги

Бишкек ЖЭБине Шубаркүл кенинен көмүрдүн биринчи партиясы алынып келинди

24 июля 2023 г., 16:27

Энергетика министри Т.Ибраев Бишкек ЖЭБине барып, күз-кыш мезгилине карата даярдык иши менен таанышты.

Алдыдагы жылытуу мезгилине Бишкектин ЖЭБине 1,5 миллион тонна көмүр керектелет.

Бүгүнкү күндө Шубаркүл кенинен D сортундагы көмүрдүн биринчи партиясы жалпы салмагы 3200 тонна болгон 47 вагон көмүр келип түшүрүлдү. ОсОО “Инновациялык Гефест” компаниясы менен 550 миң тонна көмүр алып келүү боюнча келишим түзүлгөн.

Калориясы 5500 ккал/кг кем эмес.

Көмүрдүн кийинки партиясы, 48 вагон жакынкы күндөрү графиктин негизинде жеткирилет. 550 мин тонна көмүрдү жеткирүү график менен март айына чейин созулат.   

 Мындан тышкары Кара-Кече кенинен 600 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна көмүр алуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

Бөлүшүү:

Актуалдуу

13 июля 2026 г., 11:40

Бул веб-ресурс архивдик режимге которулду. Жаңы расмий порталга өтүңүз: https://egov.kg/ru/ministry/energo

2 июля 2026 г., 11:39

Ала-Тоо Резорт» заманбап энергетикалык инфраструктура менен камсыздалууда

2 июля 2026 г., 9:35

ШОС алкагында жашыл энергетика: Кыргызстан регионалдык кызматташтыкты күчөтүүдө

1 июля 2026 г., 7:49

Энергетика министрлиги: өлкөнү күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө

25 июня 2026 г., 18:00

Президент Садыр Жапаров: “Казарман ГЭСтер” каскады Кыргызстандын көз карандысыздык тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири”