LOGO
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги

Быйыл энергетика тармагында күз-кыш мезгилине даярдык эрте башталат

4 марта 2024 г., 13:54

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги 2024-2025- жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин өткөн жылга салыштымалуу эрте баштаарын билдирет.

«Электр станциялары» ААК 2021-жылдан баштап ТГЭСинде 300 МВтдан 360 МВтка чейин кубаттуулукту жогорулатуу менен гидроагрегаттарды алмаштыруу реконструкциясы жүрүп жатканын маалымдайт.

 

Алсак, 2021-жылдын март айында 300 МВт кубаттуулуктагы №4 ГА реконструкцияга берилип, 2022-жылдын декабрь айында ишке киргизилген. Жыйынтыгында 60 МВт кубаттуулук кошулуп  № 4 ГА 360 МВт түзгөн.

Мындан тышкары, 2023-жылы №2 ГАнын реконструкция иштери аткарылып, кубаттуулугу 360 МВТ түзгөн.

 

“Электр станциялары” ААКтын Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты 2024-жылдын 5-мартынан тарта реконструкцияга берилет. 2024-жылдагы план боюнча ТГЭСтин №1 ГАнын реконструкциясы бүтүп ишке берилсе, кубаттуулук 60 МВт кошулуп, жалпы ТГЭСте 1380 кубаттуулук болот. 

Донор Азия өнүктүрүү банкы. 

Түзүлгөн келишимге ылайык, 2024-жылдын декабрь айына чейин Токтогул ГЭСнин №1  ГАын ишке киргизүү пландалууда.

 

Мындан тышкары, 2024-жылдын 5-мартынан баштап Үч-Коргон ГЭСинин №4 ГАсын  реконструкциялоого алып чыгуу пландалууда. Үч-Коргон ГЭСин учурда жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт.  (ар бири 45 МВт болгон 4 блок). Орточо узак мөөнөттүү өндүрүш жылына 820 млн кВт саатты түзөт.

 УКГЭС 1962-жылы ишке киргизилгенден бери өзүнүн жабдууларын жана инфраструктурасын реабилитациялоону жүргүзгөн эмес. УКГЭСтин стандарттык иштөө мөөнөтү 30 жылды түзөт, анын мөөнөтү 1992-жылы аяктаган. ГЭСтин жабдуулары жана гидротехникалык курулуштары эскирип, начар абалда.Ушуга байланыштуу УКГЭСти модернизациялоо өтө маанилүү.

 

“Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо” долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.

 Долбоордун бюджети: 100 млн АКШ доллар.

 (АӨБ – 100 млн доллар: анын ичинен кредит – 60 млн доллар, грант – 40 млн доллар жана ПКР – 15 млн доллар, милдеттүү төлөмдөрдөн (салыктар жана жыйымдар) бошотуу түрүндө).

Графикке ылайык, №4 гидроагрегатты реконструкциялоону аяктоо 2024-жылдын 16-ноябрына пландаштырылган.

 

Ушуга байланыштуу электр станцияларынын учурдагы  кубаттуулугу 290 МВтка азаят. Мындай кырдаалда энергетика системасындагы тиешелүү болгон 290 МВт электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп, бул Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүндө электр энергиясын пайдаланууда убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгат. Эртең менен жана кечинде эң көп жүктөм болгон учурда электр энергиясын керектөөдө чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. 

 

Энергетика министрлиги жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК керектөөчүлөрдү электр энергиясын этияттык менен колдонууга жана бир нече энергияны көп талап кылган электр шаймандарын бир убакта күйгүзбөөгө чакырат, өзгөчө электр энергияны  эң көп талап болгон маалында, эртең менен саат 06:00дөн 9:00гө чейин жана кечки маалда 18:00дөн 21:00гө чейин.

 

Быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу келерки күз-кыш мезгилине даярдык эрте көрүлө баштайт. 5-марттан тарта  эки ГЭСтин гидроагрегаттары реконструкцияга берилсе, жаздын келиши менен Электр тармактар ишканаларында оңдоо иш-чаралары башталат.  Электр объектисин өчүрүү менен иштер жүргүзүлсө, керектөөчүлөргө алдын ала расмий сайттар, социалдык тармактар ​​жана массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымат берилет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү:

Актуалдуу

7 февраля 2025 г., 4:00

Ысык-Көл облусунда  2386 чакырым аба чубалгылары  оңдоодон өткөрүлөт

6 февраля 2025 г., 3:07

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика чөйрөсүндө келишимдерге кол коюлду

4 февраля 2025 г., 7:19

Чакан ГЭСтерде жогорку жылуулук-көрүү (тепловизиондук) текшерүүлөр жүргүзүлдү

4 февраля 2025 г., 4:12

Чүй облусунда 23 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өтөт

3 февраля 2025 г., 4:36

Жалал-Абад облусуна 130 000 даана акылдуу эсептегич орнотулат