LOGO
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги

ЮСАИД Энергетика министрлигине «Лидар» жабдыгын жана компьютердик техникаларды тапшырды

24 мая 2024 г., 10:50

 

 

Бүгүн, 2024-жылдын 24-майында АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) менен Энергетика министрлигинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында энергетика тармагына керектүү жабдууларды тапшыруу  иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ЮСАИД КРнын Энергетика министрлигине  шамалдын багытын жана ылдамдыгын аралыктан үзгүлтүксүз (10-300м) аныктоочу «Лидар» жабдыгын тапшырды.

Мындан тышкары  «Лидар» жабдыгын колдоно билүү үчүн тийиштүү адистерге атайын тренинг өткөрүлүп, аны менен катар оперативдүү иштердин жана энергетикалык процесстерди көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында компьютердик техниканы  тапшырды.

 

Жабдууларды тапшыруу аземине ЮСАИД Миссиясынын Кыргыз Республикасындагы Директору Кая Адамс, КРнын энергетика Министри Т.Ө. Ибраев жана ЮСАИД агенттигинин, энергокомпаниялардын өкүлдөрү катышты.

Министр Т.Ибраев өз сөзүндө ЮСАИДдин буга чейин энергетика тармагына көрсөткөн колдоолорун баса белгилеп, бүгүнкү тапшырылган жабдуулардын         өтө керектүү экенин билдирди.

 

“ЮСАИД колдоп жаткан долбоорлор туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү аракеттерибизде негизги ролду ойнойт. Биз алып жаткан жабдуулар энергиянын кайра жаралуучу булактарын натыйжалуу пайдаланууга гана жардам бербестен, болжолдоолордун тактыгын жакшыртат жана шамал станцияларын пландаштырууда жана иштетүүдө баалуу курал болуп калат. Так маалыматтарды алуу менен Кыргыз Республикасы эл аралык инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүсүнө жана кыйла арзан тарифтер менен шамал энергетикасы боюнча долбоорлорду көбөйтүүгө өбөлгө түзөт”- дейт министр Т.Ибраев.

 

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырыгы менен ЮСАИДдин РСА долбоору изилдөөлөрдү жүргүзүп күн жана шамал электр станцияларынын потенциалдарынын картасын иштеп чыкты. Өткөрүлүп берилип жаткан Лидар жабдыгы тандалып алынган участоктордун бирине орнотулат дагы, тандалган участоктогу  бийиктиги 10 метрден 300 метрге чейинки аралыктагы шамалдын бир жыл ичиндеги мүнөздөмөсүн, шамалдын агымын, күчүн толук чогултуп берет. Бул иш-чара потенциалдык инвесторго шамал электростанциясын жогорку тактык жана алгылыктуу финансылык чыгымдар менен долбоорлоого мүмкүнчүлүк түзөт.

 

Бөлүшүү:

Актуалдуу

17 февраля 2026 г., 4:17

Чүй облусунда 120 чакырым СИП кабель тартуу пландаштырылууда

16 февраля 2026 г., 5:08

Бишкек шаарында 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

16 февраля 2026 г., 3:31

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министрлеринин кезектеги жолугушуусу болуп өттү

13 февраля 2026 г., 3:48

Ысык-Көлдө 2000 жаңы темир-бетон мамы орнотулат

12 февраля 2026 г., 8:57

Министр Таалайбек Ибраев жарандарды кабыл алды