2024-жылдын 1-июнунан тарта калк үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого болгон жаңы тарифтер киргизилди
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги калк үчүн жылуулук энергиясын колдонууда ай сайын керектөөнүн социалдык ченеми менен төлөм жүргүзүлөрүн билдирет. Тактап айтканда, жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар 1 Гкал үчүн 1 560 сомдон төлөм жүргүзөт. Эгерде батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрге жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлиндеги тариф менен төлөнөт.
Жылуулук энергиясынын өздүк наркы жылуулук менен камсыздоочу уюм тарабынан коюлган төлөө эсептеринде өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.
Буга чейин калк ысык суу менен камсыздоодо 1 Гкал үчүн 1 120 сом төлөп келсе, өзгөртүүлөрдөн кийин 1 Гкал үчүн 1 560 сом төлөм жүргүзөт.
2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоо боюнча Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын негизги максаты - энергетика секторунун ишинин негизги көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, энергетика секторуна өзүн-өзү актоо, тариф түзүүгө карата адилеттүү мамиле кылуу, мамлекеттик бюджеттен субсидиялардын өлчөмдөрүн төмөндөтүү, ошондой эле керектөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын ортосунда кайчылаш субсидиялоонун көлөмүн азайтуу болуп саналат.
Жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого болгон тарифтер төмөндө көрсөтүлөт:
2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого болгон ТАРИФТЕР
Жылытуу максатындагы жылуулук энергиясына тарифтер |
||||||
№ |
Керектөөчүлөртобу |
Өлчөө бирдиги |
Тариф |
Тариф |
Айырмасы |
|
|
|
|
01.06.2023. |
01.06.2024. |
сом/ Гкал |
(%) |
1 |
Калк (*) |
|
|
|
|
|
1.1. |
айына 80 м2 чейин |
сом/ Гкал |
1248 |
1560 |
312 |
25 |
Өсүш |
% |
10% |
25% |
|
|
|
1.2. |
айына 80 м2 ашык |
сом/ Гкал |
- |
өздүк наркынын деңгээлинде |
|
|
2 |
Өңөр жай |
сом/ Гкал |
өздүк наркынын деңгээлинде |
өздүк наркынын деңгээлинде |
|
|
3 |
Бюджеттик керектөөчүлөр |
сом/ Гкал |
өздүк наркынын деңгээлинде |
өздүк наркынын деңгээлинде |
|
|
4 |
Башка керектөөчүлөр |
сом/ Гкал |
өздүк наркынын деңгээлинде |
өздүк наркынын деңгээлинде |
|
|
Ысык суу менен камсыздоого болгон тарифтер
№ |
Керектөөчүлөр тобу |
Өлчөө бирдиги |
Тариф |
Тариф |
Айырмасы |
|
|
|
|
01.06.2023. |
01.06.2024. |
сом/ Гкал |
(%) |
1 |
Калк (ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясы үчүн) (*) |
сом/ Гкал |
1120 |
1560 |
440 |
39,3 |
Өсүш |
% |
14,1% |
39,3% |
|
|
|
2 |
Өнөр жай, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр (ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясы үчүн) |
сом/ Гкал |
өздүк наркынын деңгээлинде |
өздүк наркынын деңгээлинде |
|
|