LOGO
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги

Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында 1900 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулат

28 июля 2025 г., 5:52

 

 

2025-жылдын 25-июль күнү Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев  ОсОО «РЭЦАнын» директору Чан Тхи Нгок Чау жана Rox Energy Global компаниясынын жетекчиси Нгуен Зуи Бинь менен жолукту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы кызматташуунун келечегин, атап айтканда, Кыргыз Республикасында күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Жолугушууда жер тилкесин берүү, электр тармактарына кошуу, мамлекеттик колдоо жана долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптары тууралуу маселелер каралды.

 

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айыл аймагынын Кызыл-Өрүк айылында күн электр станциясын куруу жана пайдалануу боюнча долбоорду ишке ашыруу тууралуу Инвестициялык келишимге  кол коюлду.
Келишим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен ОсОО «РЭЦА» - Rox Energy Global компаниясы ортосунда кол коюлду.
Документке Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев, «РЭЦАнын» директору Чан Тхи Нгок Чау жана Rox Energy Global компаниясынын жетекчиси Нгуен Зуи Бинь кол коюшту.

 

Кол коюлган документтин негизги максаты -  долбоордун алкагында Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айыл аймагынын Кызыл- Өрүк айылында 1900 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулат. Долбоордун ишке ашырылуусу азыркы учурда башталуу этабында турат, ал эми бүткөрүү мөөнөтү - 2027-жыл. Долбоор чет элдик инвестициялардын эсебинен ишке ашырылат.

 

Маалымат үчүн: Rox Group 1996-жылы негизделген. Анын негизги ишмердүүлүк тармактарына кыймылсыз мүлк, технология, мейманкана бизнеси жана финансы кызматтары кирет. Компания Европаны кошкондо эл аралык рыноктордо өзүнүн катышуусун кеңейтип жатат.
Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошуу жана пайдалуу баалуулуктарды түзүү максатында «ROX Group» энергетика, кыймылсыз мүлк, финансы жана башка тармактарда бир нече инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып келет.

 

Бөлүшүү:

Актуалдуу

8 июня 2026 г., 4:10

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат

6 июня 2026 г., 3:56

Кыргызстандын энергетика тармагында жаңылануу: 41 даана жаңы атайын техника ишке берилди

2 июня 2026 г., 9:20

Насипбек Керимов Кара-Кече жана «Агулак» көмүр кендериндеги күз-кыш мезгилине даярдык иштерин текшерди

25 мая 2026 г., 4:24

Энергетика министрлигиндеги ачык диалог жаштардын кызыгуусун арттырды

22 мая 2026 г., 9:41

Энергетика тармагын санариптештирүү боюнча тендердин техникалык сунуштары ачылды